• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытай жараны Кыргызстандан 1 млн сомдук табигый уютундуну алып чыгууга аракеттенген

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунан баасы 1 млн сомдон ашык табигый уютундуну Кыргызстандан алып чыгууга аракеттенген Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Аткезчилик товар анын рюкзагын текшерүү учурунда табылган. Кытай жараны Бишкектен Дубайга учуп кетүүнү көздөгөн.

Сары металлдан табигый уютундулардын баасы 1 млн 48 миң 836 сом деп бааланып, салмагы 240 граммды түзгөн. Кытай жаранында бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтер болгон эмес.

Аталган факт бирдиктүү реестрге катталып, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий