• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытай журналисттери Дохадагы кыргыз футболчуларынын машыгуу талаасында болушту

Спорт 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Кытайл телеканалдардын журналисттери Кыргызстандын футбол курамасынын Доха шаарындагы машыгуу талааларына барышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Кытайлык журналисттер ал жакка 19-декабрда барып, улуттук кураманын машыктыруусу Александр Крестинин, жарым коргоочу Эдгар Бернхардт жана дарбазачысы Павел Матяш алардын суроолоруна жооп беришкен.

Суроолорго жооп берип жатып А. Крестинин кураманын биринчи максаты тайпадан чыгуу экенин айткан.

“Биринчи максатыбыз тайпадан чыгуу. Тайпадагы каршылаштар кыйын. Ар бир команда ушул максаттарды көздөсө керек. Калганын баскыч-баскыч менен кетебиз. Алгач тайпадан чыгышыбыз зарыл”, - дейт машыктыруучу.

Журналисттердин Кытай курамасы менен болгон беттеште эсеп сандары кандай болот деген суроого ал баарын оюн көрсөтөрүн белгиледи.

“Божомол кылуу менин ишим эмес. Мен өзүмдүн командама, футболчуларыма ишеним артам. Баарын оюн аныктайт”, - деди Крестинин.

Белгилей кетсек, 2019-жылдагы футбол боюнча Азия Кубогунда Кыргызстан алгачкы беттешти Кытайдын курамасы менен 7-январь күнү Аль-Айн шаарындагы Шейх Халиф стадионунда өткөрөт.

Футбол боюнча “Азия Кубогу 2019” Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталат.

Пикир

Оставить комментарий