• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайда 15 кишини койдуруп кеткен айдоочу өлүм жазасына тартылды

Дүйнө 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Кытайдын Хунань провинциясында атайын 15 кишини өлтүрө сүзгөн айдоочу өлүм жазасына тартылган. Бул туралуу Синьхуа агенттиги кабарлайт.

Мындай чечимди былтыр декабрь айында Хэнъян шаарынын ортоңку баскычтагы элдик соту чыгарган.

Маалыматка ылайык, аталган кырсык 2018-жылдын 12-сентярь күнү болгон. Айдоочу жолтандабасын Хэнъян шаарынын аянтында жүргөн адамдарды көздөй айдаган. Жыйынтыгында 15 адам каза болуп, 43ү жарадар болгон. Унаанын айдоочусу Ян Цзаньюнь ошол замат кармалган.

Кармалган жарандын буга чейин бир нече жолу соттолгондугу белгилүү болгон. Айдоочу мындай кадамга өзүнүн оор турмушу үчүн коомдогу адамдардан өч алуу үчүн барган.

Ян Цзаньюнь өз күнөөсүн моюнуна алып, аппеляция жөнөткөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий