• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайда аябай чарчагандан полиция кызматкери жумушунда каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Кытайдын Чунцин шаарында жол полициясынын кызматкери аябай чарчагандан өзүнүн иш бөлмөсүндө каза тапкан. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазат.

Каза болгон 55 жаштагы Цзян Жуйхуаны анын кесиптеши тапкан. Ал 24 саат бою нөөмөттө тургандан кийин көчөдө жол кыймылын башкарууга чыкмак. Бирок ал сыртка чыкпагандыктан анын кесиптеши Цзяндын иш бөлмөсүнө барганда ал ээси жок жатканын көргөн.

Цзян Жуйхуа ооруканага жеткирилип, дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес. Ал мээсине кан куюлгандан көз жумган. Буга өтө чарчагандык себеп болушу ыктымал.

Цзян Жуйхуа жол полициясында 1986-жылдан бери иштеп келген. Бул убакыт аралыгында ал эки ирет Чунциндеги мыкты жол тескөөчүсү деген наамга татыган.

Полиция кызматкеринин өлүмү социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан.

Айрым колдонуучулардын пикири боюнча, бийлик жумуш убактысын азайтууга тийиш. Мындай чара жумушта чарчагандын айынан каза болгондордун санын азайтууга жардам берет деген ойдо.

Пикир

Оставить комментарий