• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайда авариядан улам жер астында 80 сааттай камалып калган 13 шахтёр куткарылды

Дүйнө 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Кытайдын Сычуань провинциясында куткаруучулар жердин астында 80 сааттан ашык камалып, дайынсыз жоголгон 13 шахтёрду куткарышты. Бул тууралуу аталган провинциясынын бийлиги билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Кырсык 14-декабрда жергиликтүү убакыт менен саат 15:00дө Ибинь аймагында болгон. Жер астындагы суунун жарылышынан шахтадагы 3 адам мерт кеткен. Дайынсыз жоголгон делип 15 шахтёр айтылган. Кийинчирээк куткаруучулар 2 адамдын сөөгүн таап алган.

Издөө жана куткаруу иш-аракеттери күнү-түнү жүргүзүлгөн.

Шаршемби күнү эртең менен гана дайынсыз жоголгон шахтёрлор тирүү табылган. Алардын баары куткарылып, ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий