• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кытайда автоунаа чыгаруучу Toyota компаниясы ишин токтотту

Дүйнө 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Кытайда автоунаа чыгаруучу Toyota компаниясы өз ишин 10-февралга чейин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда ТАСС агенттиги билдиргенин Известия басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, Тянцзинь жана Гуанчжоу шаарындагы Toyota компаниялары Кытайдагы Жаңы жыл майрамынан кийин ачылышы керек эле. Өлкөдөгү илдеттин жайылып жатканына байланыштуу компания ишин токтоткон.

Эскерте кетсек, Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 5 миң 974 кишиге жетип, 132 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий