• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайда балдар оюнчугу ата-энелердин массалык мушташынын себеби болду

Дүйнө 0

Бишкек, 13.10.17./Кабар/. Кытайда оюнчук талашкан балдардын аталары өз ара мушташа кетишкен. Окуянын видеосу Youku порталында жарыяланган.

Daily Mail маалыматы боюнча, окуя Гуандун провинциясынын Шэньчжэнь шаарында болгон. Видеодо көрсөтүлгөндөй эркектер оюн-зоок аянтчасында мушташышып, колдоруна эмне туш келсе алып, бири-бирин урушкан.

Чыр-чатактын себеби балдар оюнчугунан улам келип чыккан,-деп жазат РИА Новости.

Бир нече убакыттан кийин сооба борборунун күзөтчүлөрү келип, мушташты токтотуп калышкан. Окуядан эч ким катуу жаракат алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий