• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайда бир гана күрүч менен калемпир жеген студент жакырчылыктан көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Кытайда беш жыл бою бир гана күрүч менен туздалган ачуу калемпир жеген 24 жаштагы студент кыз көз жумду. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы билдиргенин Известия жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, студент кыздын салмагы 22 килограмм болгон. Ата-энеси каза болгондон бери кытайлык кыз жакырчылыкта жашап, психикалык жактан жабыркаган инисин багып келген.

"Ооруган инисине карабай кытайлык кыз колледждердин бирине тапшырып, жылына 1 миң доллардан турган стипендия алып келген. Бирок бул акча каражаты жетишсиз болгон. Анткени алар жакырчылыкта жашаган туугандарынын үйүндө баш калкалап келген", - деп айтылат маалыматта.

Мурунку жылдын октябрь айында дарыгерлер кытайлык кыздын бөйрөгү менен жүрөгү илдетке кабылганын билдирген. Ал кайрымдуулук уюмдарга кайрылып, 1,5 миллион доллар чогултканга жетишкен. Анткен менен дарыгерлер кызды куткара алган эмес, ал 13 январда көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий