• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кытайда БКТнын 41-сессиясы өттү

Коом 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-30-ноябрында Кытай Эл Республикасынын Санья шаарында Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун (БКТ) 41-сессиясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биргелешкен көзөмөлдөө тобу (БКТ) Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы “1996-жылдын 26 апрелиндеги чек ара аймагында аскер жаатындагы ишенимди бекемдөө” жана «1999-жылдын 24-апрелде чек ара райондорунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу» келишимдерге ылайык 1999-жылы түзүлгөн.

Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 41-сессиясында Биргелешкен тараптан (Казахстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан), уюмдун регламентине ылайык, Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - министрдин кеңешчиси Б.Сыргабаевдин төрагалыгы астында өткөрүлдү.

БКТнын 41-сессиясында мүчөлөрүнүн делегациялар жогоруда аталган документтердин аткарылышын, ошондой эле уюмдун география чегинде 2019-жылдын инспекциялоонун жыйынтыгын карап чыгышты жана 2020-жылдын инспекциялоонун планын белгилеп койду.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен Тараптын (Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан) Протоколуна кол коюлду, ошондой эле Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун (Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Кытай) 41-сессиясынын Протоколуна кол коюлду.

Уюмдун регламентине ылайык, 2020-жылдын Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун төрагалыгы Россия Федерациясына тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий