• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кытайда дүйнөдөгү эң картаң панда өлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 15.09.17 /Кабар/. Кытайдын түштүк-чыгышындагы Фучжоу шаарындагы чоң пандалардын изилдөө борборунда дүйнөдөгү эң картаң чоң панда өлгөнү тууралуу CGTN телеканалы билдирди.

Баси аттуу панда 37 жыл жашаган. Ал бөйрөк оорусунан, боордун циррозу жана башка оорулардан жабыркагандыктан дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан жок. Демейде пандалар жаратылышта 20 жылдай жашашат. Эң узак жашаган панда 2016-жылы 38ге чыгып өлгөнү маалымдалат.

14-сентябрда Баси менен коштошуу аземи өтүп, анын сөөгүн атайын музейге сактоону убада кылышкан.

Ал 1980-жылы туулган. 1984-жылы Бас дарыясындагы сууга тушүп кеткенде куткарылып алынып, Фучжоу питомнигине берилген.

Пекиндеги XI Азия оюндарынын тумары катары жана башка көптөгөн иш чараларга катышкан.

Чоң пандалар Кытайдын символу катары саналып, мамлекеттик коргоодо турат. Бийликтин көп жылдык аракеттеринен кийин жаныбарлардын бул түрү жоголуп кетүү коркунучунан чыккан.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий