• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайда дарыгерлер 8 жашар кыздын ашказанынан 1,5 кг чач алып чыгышты

Дүйнө 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Кытайда дарыгерлер сегиз жашар кыздын ашказанынан 1,5 килограмм чач алып чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости чет элдик басылмаларга шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Гуанде шаарында болгон. 8 жаштагы кыздын ашказанынан тоголоктошуп калган чачтын кесеги табылган. Кызынын курсагы чоңоюп баратканын байкаган энеси дарыгерлерге кайрылган. Кызга компьютердик томография жасалып, ичинде топтошуп калган чач бар экендиги аныкталган.

"Дарыгерлер кызга операция жасап, ашказанынан 1,5 килограммга жакын чач алып чыгышкан. Операциядан соң кыздын саламаттыгы жакшырган", - деп жазат РИА Новости.

Чачты жеген - бул кадимки эле пикацизм синдрому. Адамдын ашказаны бузулуп, тамакты кабыл албай калганда алар жегенге мүмкүн болбогон нерселерди жей башташат, деп билдиришти дарыгерлер.

Пикир

Оставить комментарий