• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кытайда экинчи кабаттан кулаган кыргызстандык кызга операция жасалды – КР ТИМ

Коом 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Кытайда экинчи кабаттан кулаган кыргызстандык кызга операция жасалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, бүгүн, 19-мартта бир күн бою Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин өкүлдөрү кыргызстандык З.А. аттуу жаранга операция жасалган Пуцзян уездинин (Чжэцзян провинциясы) травматологиялык ооруканасынын дарыгерлери менен байланышта болушкан.

"Кыргызстандык жаранды караган дарыгердин билдиргени боюнча, саат 18:20га карата (Пекин убактысы боюнча) ага операция жасалып бүткөн. Операция ийгиликтүү өтүп, 4 саатка жакын созулган. Анын абалы канааттандырарлык. Бул маселе Кыргызстандын элчилиги көзөмөлүндө болот", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин КР Тышкы иштер министрлиги Кытайда кыргызстандык жаран экинчи кабаттан кулап түшкөнүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий