• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайда күнүнө 20 миллион беткап өндүрүлүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышынан улам күнүнө 20 миллион беткап өндүрүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Өнөр жай жана маалыматтык технологиялар министрлигинин башкы инженери Тянь Юйлун билдиргенин РИА Новости жазат.

"Хубей провинциясында беткаптардын саны боюнча абал жакшырды", - дейт Тянь Юйлун.

Ал белгилегендей, 2-февралда Хубей провинциясына 131,2 миң медициналык кийим жана №95 беткаптардан 130 миңи жеткирилген.

"Күнүнө 20 миллиондон ашык беткап өндүрүлүүдө. Ал эми №95 жана хирургиялык беткаптардын жетиштүү деңгээлде болушу үчүн өндүрүштөрдү калыбына келтирүү керек", - дейт ал.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда тараган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 17 миң 205ке жетип, 361 адам көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий