• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайда каза болгон кыргызстандык студенттин сөөгү мекенине жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-апрелде эртең менен Кытайда кырсыктын кесепетинен каза болгон 1999-жылы туулган КРнын жараны Ш.Б.нын сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, андан ары мекенине көмүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ш.Б.нын туугандарына КРнын Пекиндеги элчилиги тарабынан тиешелүү консулдук-укуктук жардам, ошондой эле маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө байланыштуу башка зарыл жардам көрсөтүлүп, ал процедура катуу карантиндик чектөөлөр шартында жана түз эл аралык аба каттамдар болбогон учурда ишке ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий