• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайда химиялык заводдогу жарылуудан 47 киши өлүп, 600дөн ашыгы жаракат алды

Дүйнө 0

Бишкек. 22.03.19 /Кабар/. Кытайдын Яньчэн шаарында жер семирткичтерди өндүргөн заводдогу жарылуудан кеминде 47 киши өлүп, 600дөн ашык адам жаракат алды. Алардын 32синин абалы өтө оор. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, жарылуудан кийин өрт чыгып, ал башка өндүрүш имараттарына жайылган.

Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, жарылуудан заводго жакын жайгашкан бала бакчанын тарбиялануучулары дагы жабыркаган. Мындан тышкарын жакын жердеги турак-үйлөр менен мектептердин айнектери сынганы кабарланууда.

Азырынча жарылуунун себептери аныктала элек.

Яньчэн шаарындагы жер семирткичтерди өндүрүүчү бул завод 2007-жылы ачылган. Буга чейин 30дан ашык тез тутануучу химикаттарды өндүргөн компанияга коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы жана айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн айыппул салынган.

Адатта мындай жайлардагы жарылуулар материалдардын туура эмес сакталышынан улам келип чыгат. 2015-жылы Тяньзинь шаарында жайгашкан өнөр-жай аймагында жарылуу болуп, 165 киши каза болгон. Былтыр ноябрда Чжанцзякоу шаарындагы химиялык заводдун жанындагы жарылуу 20дан ашык адамдын өмүрүн алган.

Пикир

Оставить комментарий