• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кытайда коронавирус боюнча абал көзөмөл алдында – КЭРдин КРдагы элчиси

Коом 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Кытайда Covid-19 коронавирусу боюнча абал көзөмөл алдында. Бул тууралуу “Коронавирус боюнча жаңы маалымат жана Кытайдын аны менен күрөшүүсү” аттуу тегерек столдо Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдирди.

Иш-чара “Кытай-Кыргызстан” достук коому” коомдук фонду жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулган.

Элчи өз сөзүндө Кытай мамлекетиндеги учурдагы абал, коронавирусту жуктургандардын саны, айыккандардын жана көз жумгандардын саны тууралуу маалымат берген.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кытайда 77 миң 568 адам жуктуруп алган. Анын ичинен 500 адам жаңы катталгандар. Айыккандардын саны 27 миң 323тү түзсө, 2663 адам оорудан көз жумган.

“Учурда биз 13-февралдан тарта оорунун жайылуусу төмөндөп жатканын көрүп жатабыз. Жаңы жуктургандардын саны 508 адамды түзгөн. Хубэйдин тегерегиндеги 30 провинцияда 24-февралдан тарта болгону 9 жаңы учур катталган. Бул фактылар коронавирус менен болгон абал жакшырып, оору көзөмөл алдында экендигин көрсөтүп турат. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бул чоң сыноо экендигин айткан. Эл ошол сыноодон өтүп, өзүнүн күжүрмөндүгүн көрсөттү”, - дейт Ду Дэвэнь.

Элчи Дэвэнь белгилегендей, Кытай өкмөтү болгон улуттук ресурстарды чогултуп, эпидемиянын алдын алуу үчүн болгон күч-аракетин жумшады.

“Эпидемиянын дүйнөлүк экономикага ушул жылдын экинчи кварталында тийгизген таасири кыскарат. Биз кытай эли ооруну жеңип, мындан да күчтүү калкка айланаарына ишенебиз”, - деген ал.

Ал эми КУУнун ректору Канат Сыдыков билдиргендей, ушундай жолугушуулар так маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. “Оорунун бат жайылуусу бизде бир катар коркунучтарды жаратты. Биз Кытайда окуп жаткан ар бир студент менен байланышта болуп жаттык. Алардын бири да оору жуктурган эмес. Студенттердин баардыгы аман-эсен Кыргызстанга кайтып келишкен. Акыркы расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар жок”, - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий