• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын 76%ы айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын 76%ы айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ушул тапта жалпы 16 миң бейтап ооруканада жатат. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кытайда илдетти жуктуруп алгандардын саны 80 778 адамды түзөт, анын ичинен 61 475 киши айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алар айыккандардын 76 пайызын түзөт.

"Учурда 16 145 адам ооруканада, алардын 4 492синин абалы оор", - деп билдирет РИА Новости. Өлкө боюнча коронавирустан 3158 адам көз жумган.

Учурда Кытайда эпидемиологиялык абал жакшыргандыгы байкалууда, акыркы суткалар ичинде илдетти жуктуруп алган 24 гана учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий