• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайда коронавирус илдетинен дээрлик 4 миң адам айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн айыккандардын саны 3996 жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайда коронавирусту 42 миң 638 адам жуктурса, 1016 жаран көз жумган.

Буга чейин 40,1 миңи ооруса, 908 адам каза болгону айтылган.

"Акыркы маалыматтарга караганда, Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети өлкөнүн 31 провинциясынан 42 миң 638 адам ооруну жуктурганы боюнча маалымат алган. Алардын ичинен 7333 адамдын абалы оор, 3996 жаран ооруканадан чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

Бир гана Гонконгдо коронавирусту жуктурган 42 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий