• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кечинде дарыгерлерге ыраазычылык иретинде кол чаап, ырдап жатышат ― Франциядагы мекендешибиз менен маек

ТАГДЫР 0


Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 350 миңден ашты. Ал эми 15 миңден ашыгы каза болду. Бирок ошол эле учурда COVID-19 дартынын очогу болгон Кытайда ооругандардын дээрлик 90%ы айыкканы кубандырбай койбойт.

Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон илдет учурда Европа элин каптап, түйшүккө салууда. Тактап айтсак, Италия, Испания, Германия жана Франция өлкөлөрүндө өлүмгө кептеген дартты жуктуруп алгандар күн санап өсүүдө.

Франциянын Нант шаарында 7 жылдан бери жашап келген мекендешибиз менен маек курууну чечтик. Франциядагы абал, эл жана мамлекет кандай чараларды көрүп жаткандыгын билүү үчүн Надираны (аты-жөнү маек берген адамдын сунушу менен толук жазылган жок) кепке тарттык.

Саламатсызбы, кыргыз коомчулугун кызыктырып турган суроодон баштагым келип турат. Айтсаңыз, учурда Францияда абал кандай?

― Саламатчылык, 12-мартта Франциянын президенти Эммануэль Макрон 16-марттан баштап өлкө карантинге жабыларын билдирген. Ошол күндөн бери биз үйдө отурабыз. Карантин орногондон баштап эч кимди чыкпагыла деген, ага карабай көпчүлүк укпай балдарын да алып, эшикте жүргөн учурлар болууда. Мындан кийин коомдук тартипти сактоо үчүн полиция кызматкерлери көбүрөөк көзөмөл жүргүзө баштады.

Үй-бүлөдөн бир гана адам эшикке чыгууга уруксат берилген. Ал дагы атайын уруксат кагазы менен чыга алат. Кагазда эшикке чыгуунун бир канча себептери жазылган. Алар дүкөнгө азык-түлүк алуу үчүн чыгуу, белгилүү адамдардын жумушка баруусу, дарыгерге жолугуу жана чуркоого уруксат берилет. Чуркаганга чыксаң жалгыз болушуң керек

Бул сымал чектөөлөргө көнүү кыйынга турдубу?

― Башында өтө кыйын болду. Анткени бардык эл эшикке чыгарбай коет деп дүкөндөргө массалык түрдө баргандар байкалды. Президент сүйлөгөндөн кийин, тактап айтсам 13-15-март аралыгында ажиотаж болуп, азык-түлүк ала тургандардын кезеги чексиздей сезилди. Баары арзан баадагы ун, кумшекер сыяктуу азыктарды сатып алышты. Бир тележкага эле суюк майды толтуруп алган учурлар көп болду. Андан кийин эч нерсе калбай калды. Бирок, текчелерде азыктар толукталып калды деп айтышып жатат. Мен бүгүн соода кылууга барам. Ошондо бир карап көрөм.

17-марттан баштап баары ордуна келип, мурункудай болбой калды. Биз да акырындык менен көнүп баратабыз. Мага жумуштан ар жума сайын электрондук кат аркылуу качан жумушка чыгуу керектиги жазылган билдирүү келип турат. Кимдин 16 жашка чейинки балдары болсо жумушка чыкпай аларды карап үйдө отурса болот. Үч жумага чейин айлык төлөнөт. Андан кийин жумуштан ооруп жатам деген кагазды толтуруш керек. Ал учурда айлыктын жарымы гана төлөнөт. Мен балдарым болгондуктан 27-мартка чейин балдарымды карашым керек деп уруксат кагазын алдым.

Францияда биздин өлкөдөй окуучуларды таратып, аралыктан окутуу программасына өтүштү деп окуп калдым. Учурда балдарыңыз үйдөн окуп жатабы?

― Ооба, менин төрт балам тең үйдө интернет аркылуу окуп жатат. Кызым жакында англис тили боюнча экзамен тапшырды. Мугалимдер видео аркылуу сабак өтүп, тапшырмаларды берүүдө. Калган учурда үйдө шахмат, компьютер ойношот.

Ал эми, өлкөдө дарыкана, дүкөндөр ачык бойдон калуудабы жана андагы азык-түлүктөр жетиштүүбү?

― Дүкөндөр ачык, бирок арзан азык-түлүктөр калган жок. Кымбаттары гана калды. Дарыканалар ачык болгону менен беткаптар декабрь айында Кытайда коронавирус пайда болду дегенде эле баарын сатып алышкан. Керек болсо аны сактаган жайларда да калбай калды. Бизде беткаптар полиция жана медицина кызматкерлеринде гана бар. Жөнөкөй адамда беткап такыр жок.

Францияда коммуналдык төлөмдөр жүргүзүлбөй жатат деген маалыматтар тарап жатат. Бул канчалык деңгээлде туура маалымат?

― Ошол 12-мартта президент сүйлөгөндө электр энергия жана газга төлөм жүргүзүлбөйт деп айткан. Айткан менен ал бизге тиешелүү эмес экен, өлкө башчы кандай мааниде айтканын биз да түшүнө элекпиз. Кийинки айда карап көрөм, бирок азырынча баарын эле төлөп жатабыз.

Коронавирус менен күрөшүүдө бийлик кандай чараларды көрүп жатат?

― Азырынча бизди бири-бириңер менен жакын байланышта болбогула деп жатат. Эммануэль Макрон вакцина ойлоп тапканга чейин дарыгер-окумуштууларга убакыт берип, үйдөн чыкпай отургула деп суранган. Француздар азырынча суранычтар менен гана чектелип жатат.

Полиция кызматы ким карантиндик эрежелерди сактабай жаткандар болсо айып пулдарды салып жатат. Бузгандардын саны көп болууда. Кечээ жаңылыктан бир жаңылык угуп күлдүк. Бир кыз эшикке чыгып кока-кола сатып алган экен. Анан ага полиция кызматкери 1,5 миң евро айып салганын уктук. Негизи Францияда азык-түлүк сатып алганга гана уруксат берилет, а тиги кыз кока-кола гана алыш үчүн эшикке чыгып жатпайбы. Полиция анын сумкасын текшергенде бир гана суусундук алуу үчүн чыкканын көрүп, айып пул салыптыр. Ушундай кызык окуялар болуп жатат.

Кыргызстанда көчөлөрдү күн сайын дезинфекциялап жатканына күбө болуудабыз. Ошол эле Францияда да дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатабы?

― Дезинфекция иштерин бизде кылган деле жок. Көчөлөрдү мурда деле күндө эртең менен саат 4-5терде жууп турушчу. Бирок, 16-мартта терезени ачканда асман толугу менен башкача болгону байкалган, ошол эле учурда кызыктай жыт жыттанып турган. Ошондо кошуналарым мага асмандан учактар дезинфекция иштерин жүргүзгөн деп айтышкан. Аткени ал дагы сезген экен.

Франция эли учурдагы абалды кандай кабыл алып жатат?

― Француздар дүрбөлөңгө түшкөн деле жок. Карантин эрежелерди бузуп эле жатат. Анткени кичинекей балдары менен дүкөндөргө баруулары токтогон жок. Бир үй-бүлөдөн бир адам, ал дагы зарыл учурда гана чыгыш керек. Мен дүкөнгө барганда бир аял эки баласы менен келиптир. Күзөтчү аны кийинкисинде балдарын үйүнө калтырып келүүсүн эскертип, аны дүкөнгө киргизди.

Маанайды көтөрө турчу нерсе күн сайын саат 8де балконго чыгып, дарыгерлерге ыраазычылык билдирүү иретинде кол чабышып, ар кандай ыр жаңыруулар болуп жатат.

Коронавирус дарты Кытайда пайда болгондон улам көпчүлүк Европа өлкөлөрүндө азият түспөлүндөгү адамдарга карата мамилеси өзгөргөнүн угуп-тыңшап жүрөбүз. Жеке сизден кооптонуп, аралыкты сактап баскан француздар болдубу?

― Азият түспөлүндөгү адамдарга карата жаман мамиле кылганы билинбейт. Бул жакта баары бирдей, тең деген түшүнүк бар. Кытайдан да келип иштегендер көп. Андайды байкаган жокмун.

Кыргызстанда болуп жаткан абалга көз салып жатасызбы?

― Кыргызстанда эмне болуп жатканын угуп жатабыз. Карантинге алынып жатканын жакшы иш-аракет деп эсептейм. Кытай коронавирусту жеңди, эми биз алардын дарыгерлери менен байланышып, жардам сурасак болмок. Эл тартипти сактап, үйдө отурса баары жакшы болуп кетет деп ойлойм.

Маегиңизге рахмат, өзүңүзгө сак болуңуз.

Маектешкен Адил Төлөгөнов

Пикир

Оставить комментарий