• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кытайда коронавируска каршы вакцинаны сыноо качан башталары айтылды

Дүйнө 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу бери дегенде апрель айынын аягында башталат. Бул тууралуу Кытайдын илим жана технология министринин орун басары Сюй Наньпин билдиргенин РИА Новости жазат.

Ал белгилегендей, башка өлкөлөр менен катар эле Кытайда да вакцинаны табуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 21-февралга карата Кытайда ооруну жуктуруп алгандардын саны 75 миң кишиден ашып, 2 миң 236 киши каза болду. 18,2 миң киши айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий