• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кытайда коронавирустан 1 миң 133 киши каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Кытайда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 44,6 миңден ашып, 1 миң 113 адам каза болду, 4 миң 740 киши оорудан айыкты. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

Буга чейин 42,6 миң адам ооруга чалдыкканы, 1 миң 16 киши каза болгону жана 3 миң 996 адам айыкканы айтылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, 16 миңден ашык киши илдетти жуктуруп алган деген күмөн менен карантинге алынган.

Эскерте кетсек, Кытайда чыккан коронависрустун жаңы түрүнө расмий түрдө COVID-19 деген аталыш берилген. COVID – CO коронавирусту, VI вирусту туюндурса, D ооруну билдирет.

Пикир

Оставить комментарий