• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кытайда коронавирустан 18 миңден ашык адам айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн 18 миң 264 адам айыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, илдеттен 2 миң 236 адам көз жумду.

Кытайда бир күн ичинде 118 адам каза болгону катталган. Ошондой эле 2 миң 109у ооруканадан чыгарылды. Ал эми коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 75, 4 миң адамды түзөт.

ТАСС агенттигинин маалыматында, Хубэй провинциясында илдет пайда болгондон бери 62, 4 миң жаран ооруну жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий