• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кытайда коронавирустан 36 миңден ашуун адам айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүнөн айыккандардын саны 36 миңден ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Аталган ооруну 78 миң 824 адам жуктуруп алган.

"Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети өлкөнүн 31 провинциясынан 78 миң 824 адам ооруну жуктурганы тууралуу маалымат алган. Ошондой эле илдеттен 2 миң 788 адам көз жумуп, 36 миң 117 жаран айыккан", - деп айтылат маалыматта.

Бир күндө коронавирусту жуктурган жаңы 327 учур катталган. Ооруканадан 3 миң 622и чыккан жана 44 жаран каза болгон.

Хубэй провинциясында бир сутка ичинде 318 учур катталган. Ал жердеги ооруканадан 3 миң 203 жаран айыгып, чыгарылган. Коронавирус пайда болгондон бери 65 миң 914 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий