• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кытайда коронавирустан 44,4 миңге жакын бейтап сакайды

Дүйнө 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 2912 адамга жетип, бир сутка ичинде 42 адам каза болгон. Ал эми айыккандардын саны 44,4 миңди түзгөн. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Кытайдын аймагында илдетти жуктуруп алган 80 миңден ашуун учур тастыкталган.

Региондор арасында Хубэй провинциясы илдетти эң көп жуктуруп алгандардын сап башында турат. Акыркы маалыматтарга таянсак, 67,1 миң адам коронавирусту жуктуруп алган, 2803 адам каза болуп, 33,7 миңге жакын бейтап айыккан.

Пикир

Оставить комментарий