• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайда коронавирустан бейтаптардын 77,7%ы айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Кытайда өлүмгө алып келген дарттан айыккандардын саны азаюуда. Алсак, ооруканадан 77,7% адам чыгарылган. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиргенин РИА Новости жазат.

Акыркы маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгенткен илдетти 80 миң 793 адам жуктурса, алардын 62 миң 793ү айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Кытайда коронавирус пайда болгондор тарта Хубэй провинциясын эске албаганда илдетти 13 миң 12 адам жуктурган, алардын 113ү көз жумган. Ал эми Хубэйде дартты жуктурган 67 миң 781 учур катталган.

Эпидемия 3 миң 169 адамды өлүмгө кептеген. Ал орто эсеп менен 3,9%ды түзөт.

Акыркы учурда Кытайда эпидемиологиялык абал турукташып келүүдө. Бир күндө коронавирусту жуктурган 15 учур гана катталган.

Пикир

Оставить комментарий