• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кытайда коронавирустан дээрлик 11 миң адам айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүнөн айыккандардын саны 10 миң 884гө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Аталган илдетти 70 миң 548 адам жуктурса, 1 миң 770 жаран көз жумду.

"Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети 31 провинциядан 70 миң 548 адам ооруну жуктуруп алгандыгы тууралуу маалымат алган. Ошондой эле 10 миң 644 адамдын абалы оор деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

Акыркы бир күндө 2 миң 48 адам ооруну жуктурган жана 105 адам каза болгон.

Хубей провинциясында акыркы суткада илдетти жуктурган 1 миң 933 учур катталган. Ооруканадан 1 миң 16 адам чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий