• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 170ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 170ге жетти. Ал эми 7711 адам илдетти жуктуруп алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Аталган илдетти жуктуруп алган 1370 адамдын абалы оор.

Reuters агенттигинин маалыматында, кеминде 162 адам Хубэй провинциясында көз жумган.

Буга чейин Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 5 миң 974 кишиге жетип, 132 адам каза болгону айтылган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Пикир

Оставить комментарий