• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 2592ге жетти

Спорт 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустун жаңы түрүн 77 миң 150 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 77 миң адамдын 2592си каза болду. Ал эми 24 миң 734 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Акыркы бир суткада Кытайдын бардык аймактарында 409 адам ооруну жуктурганы аныкталган. Ошондой эле 150 адам көз жумуп, 1846 жаран ооруканадан чыгарылган.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусту жуктуруп алды деген күмөн менен 3434 жаран каттоодо турат. Ал эми 97 миңден ашыгы медициналык кароодо жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий