• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайда коронавирусту жуктургандардын дээрлик 92%ы айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Кытайда коронавирусту жуктургандардын дээрлик 92%ы айыкты. Бул көрсөткүч акыркы жумада жакшы тарапка өзгөрүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун расмий өкүлү Тарик Язаревич билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Язаревичдин айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушуна ылайык, бейтап кеминде 24 саат аралыгы менен тапшырган эки анализдеринде оору катталбаган учурда гана ооруканадан чыгарылат.

"Кытайда COVID-19 оорусун жуктурган 81 миң адамдын 74 миңден ашыгы айыкты, тактап айтканда дээрлик 92%ы илдеттен кутулду. Акыркы жумада ооруканадан чыгарылгандардын саны өсүүдө", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзүлгөн эсебине караганда дүйнөдө коронавирусту 800 миңден ашык жаран жуктурду. Каза болгондордун саны 39 миңге чукулдады. Эң көп АКШда 164 миңден ашык, Италияда 101 миңден ашык, Испанияда 94 миңден ашык адам COVID-19 илдетин жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий