• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайда коронавирусту жуктуруп алган 98 жаштагы кемпир айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Кытайдын Ухань шаарынын 98 жаштагы тургуну коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдиргенин Известия басылмасы жазат.

Бүгүнкү күнгө чейин 98 жаштагы Ху COVID-19 ооруну жуктуруп алган дүйнөдөгү эң улгайган адам эле.

Агенттиктин маалыматында, Хунун дене табы жогорулап, ооруканага оор абалда жеткирилген. 98 жаштагы тургун менен бирге анын 55 жаштагы кызы да ооруканага жаткырылган. Кызында да коронавирус катталган.

Ооруканага түшкөн эки бейтап вируска каршы дарыларды ичип, көп өтпөй өздөрүн жакшы сезе башташкан. Бир канча убакыттан кийин Ху ооруканадан чыккан.

Дарыгерлер белгилегендей, Хунун толук түрдө оорудан айыкканын аныктоо кыйын. Антсе да, анын анализдеринин жыйынтыгында коронавирустун белгилери байкалган жок.

Пикир

Оставить комментарий