• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайда коронавирусту жуктуруп алган чет элдиктердин саны 27ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирусту жуктуруп алган чет элдик жарандардын саны 27ге жетти. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Кытайдан Тышкы иштер министри Гэн Шуан билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кытайда коронавирусту жуктуруп алган чет элдиктердин саны 27ге жетсе, алардын экөө көз жумду жана үч жаран оорудан айыкты. Калган 22 чет элдик жаран дарылануусун улантууда.

Гэн Шуандын билдирүүсүндө, көз жумгандар АКШнын жана Япониянын жарандары болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда жаңы ооруну жуктуруп алгандардын саны 40 миң 160ка жетсе, 904 адам илдеттен көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий