• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кытайда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 10 миңге чукулдады

Дүйнө 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 9692ге жетип, 213 адам көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин 7711 адам илдетти жуктуруп алса, 170 адам каза тапкан.

"30-январдын түн ортосундагы маалыматка караганда, Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети 31 провинциядан 9692 адам илдетти жуктуруп алгандыгы тууралуу маалымат алган. Алардын 1527синин абалы оор болсо, 213 адам каза болду жана 171 жаран ооруканадан чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Пикир

Оставить комментарий