• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 28 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 28 миң 18 адамга жетип, 563ү каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Буга чейин илдетти 24,3 миң адам жуктурса, 490у каза болгону айтылган.

"Акыркы маалыматтарга караганда, Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети 31 провинциясынан коронавирусту жуктуруп алган 28 миң 18 учур катталгандыгы тууралуу маалымат алган. Алардын ичинен 3 миң 859 адамдын абалы оор, 563ү көз жумган жана 1153ү ооруканадан чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Пикир

Оставить комментарий