• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кытайда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 31 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 636га жетип, илдетти 31 миң 161 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Буга чейин 28 миң адам ооруну жуктурса, 563ү көз жумган.

"Акыркы маалыматтарга караганда, Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети өлкөнүн 31 провинциясынан 31 миң 161 адам илдетти жуктуруп алгандыгы тууралуу маалымат алган. Алардын ичинен 4 миң 821 адамдын абалы оор болсо, 636сы каза болгон жана 1540 жаран ооруканадан чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алды деген күмөн менен 26,4 миң адам каттоого алынган. Ал эми 186 миңден ашыгы ооруган адамдар менен тыгыз байланышта болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Пикир

Оставить комментарий