• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 40 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 40 миңден ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кытайда бир сутка ичинде аталган илдетти жуктуруп алгандардын саны 3062ге жетип, 92 адам каза болду. Ал эми 632 жаран ооруканадан чыгарылды.

ТАСС агенттигинин билдирүүсүндө, коронавирусту жуктуруп алган дагы 64 учур Гонконг, Макао жана Тайванда байкалган.

Кытайда жаңы ооруну жуктуруп алгандардын саны 40 миң 160ка жетсе, 904 адам илдеттен көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий