• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 64 миңге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 63 миң 918 адамды түздү. Ошондой эле илдеттен 1488 адам каза болду жана 6 миң 982 жаран айыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдөгү ооруну эң көп жуктурган провинциялардын сап башында Хубэй турат. Ал жерде 51 миң 986 адам ооруп жатат, 1426 адам каза болду жана 4131 жаран ооруканадан чыгарылды.

Буга чейин Кытайдын Хубэй провинциясында коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 1310го жеткен.

Пикир

Оставить комментарий