• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кытайда коронавирустун өсүшүнө байланыштуу шаарлар карантинге жабылууда

Дүйнө 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Кытайда үч күн катары менен COVID-19дун миңден ашык жаңы учуру катталды.

Республикалык штабдан билдиришкендей, коронавирустун күч алышына байланыштуу Кытайдын борбордук жана түндүк-батыш бөлүгүндөгү шаарлар карантинге жабыла баштады.

2019-жылдын аягында дүйнөдө алгачкы жолу коронавирус башталган Уханда ушул аптада оорунун 20-25 жаңы учуру катталды. Акыркы 14 күндүн ичинде шаарда 240 учур аныкталган. Жергиликтүү бийликтер бир аймактагы 800 миңден ашуун адамга 30-октябрга чейин үйлөрүндө болууну буйруду. ⠀

Кытайда экономикалык өндүрүштүн көлөмү боюнча төртүнчү шаар катары саналган Гуанчжоуда көбүрөөк көчөлөр жана кварталдар жабылды. Жаңы райондор төрт жумадан бери уланып жаткан вирустун активдешүүсүнөн улам кооптуу аймактар деп табылгандыктан адамдарга үйлөрүндө калууга буйрук берилди.

Пикир

Оставить комментарий