• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайда кыргыз жараны экинчи кабаттан кокустан кулап кеткен – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Кытайда КР жараны экинчи кабаттан кокустан кулап түшкөн. Бул тууралуу КР Тышкы иштери министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, социалдык тармактарда КР жараны "коронавирус жуктуруп алгандыктан экинчи кабаттан секирип, белинен жаракат алган" деген маалымат чыккан.

Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстандын Пекиндеги элчилиги Кытайдын медициналык мекемесинин администрациясы берген маалыматка таянып, 2020-жылдын 6-март күнү саат 09:20да Иу шаарынын медициналык мекемесине экинчи кабаттан кокустан кулап түшүп, түрдүү жаракат алган 24 жаштагы З.А. аттуу КР жараны жеткирилгенин жана ал окуя Кытайдагы коронавируска байланыштуу болбогонун билдирген.

"Кытайдын медициналык мекемесинин билдиргени боюнча, КР жарарын мекенине алып кетүү үчүн сунушталбайт. Себеби, жолдо жүрүү КР жаранынын ден соолугуна жана анын калыбына келишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Азыркы тапта ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, ага тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле министрлик, Кыргызстандын элчилиги КР жаранынын дарылануусуна көмөк көрсөтүүсү боюнча Кытайдын мамлекеттик жана жергиликтүү органдары менен тиешелүү иш, анын дарылануусун төлөө үчүн каражат табуу иши жүрүп жатканын белгилейт.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги жарандарды такталган маалыматтарга таянууга жана моралдык колдоого муктаж мекендешинин абалына түшүнүү менен кароону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий