• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайда Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-майда Кытайдын Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” тышкы иштер министрлердин 2-кеңешмесинин аянтчасында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Өзбекстанстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту. Казакбаев кесиптешин 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялар жана Баткен облусундагы азыркы абал тууралуу маалымдады. Кыргыз тараптын Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген келишимдерди сактоо ниетин кармана тургандыгын баса белгиледи.

Тараптар көптөгөн адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген чыр-чатак саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилиши керек деген пикирди билдиришти.

Өзбекстандын ТИМ башчысы Камилов кыргыз тараптын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдоп, өзбек тарап жаңжал аймагындагы абалды андан ары турукташтырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар ошондой эле кыргыз-өзбек эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулап, 2021-жылдын башында уюштурулган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш сапаралардын жана иш-чаралардын жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешти: КР президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш-сапары, кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны, эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 9-жыйыны.

Жетишилген келишимдерди андан ары жүзөгө ашыруу жана кыргыз-өзбек мамилелердин динамикасын бекемдөө максатында Казакбаев өзбек кесиптешин Кыргызстанга ага ыңгайлуу убакта расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий