• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кытайда кыргызстандык студент жол кырсыгынан каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Кытайдын Шанхай шаарында 22 жаштагы кыргызстандык жигит жол кырсыгынан каза тапканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 22 жаштагы Ш.Б.М. аттуу Кыргызстандын жараны Кытайдагы университеттердин биринде окуган.

“Кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыгуу үчүн 29-мартта Кыргызстандын Пекиндеги элчилигинин кызматкери ыкчам тартипте Шанхайга жөнөтүлгөн. Алынган маалыматтарга караганда, учурда Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан керектүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги тарабынан маселе көзөмөлгө алынган. Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү, ошондой эле башка зарыл болгон жардамды элчилик көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий