• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайда массалык түрдө 31 унаанын катышуусунда кагылышуу катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 8.11.17. /Кабар/. Кытайдын Хэнань провинциясында эртең менен 31 унаанын катышуусунда массалык кагылышуу болду. Алдын ала маалыматка караганда кырсык калың тумандар келам болгон,-деп маалымдайт Чжоукоу шаарынын көчө полициясы.

Укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, алтоо жаракат алган, алардын бардыгына биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жол кырсыгы шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 7:30 чамасында катталган. Ошол учурда 18 кагылышуу катталып, 31 унаа жабыркаган.

Кырсык болгон жерде куткаруучулар жана полиция иш алып барууда.

Булак: РИА НОвости

Пикир

Оставить комментарий