• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайда мектеп окуучусу автобусту айдап качып, 40 мүнөт шаарда айдап жүргөн

Дүйнө 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Гуанчжоудогу мектеп окуучусу эл ташыган автобусту айдай качып, шаар ичинде полиция кызматкерлери токтоткончо 40 мүнөт айланып жүргөн. Кытайдагы социалдык түйүндөрдө окуучунун автобус айдап жүргөн видеосу таркап жатат. Кытай ММКларында окуучу бала тогузда же 12 жашта экени айтылууда.

Мектеп окуучусу автобустун рулун башкарып баратканын жөө жүргүнчүлөр байкап калып, 3-июлда полицияга билдиришкен. Автобусту 40 мүнөт дегенде токтотушкан.

Окуучу бул аралыкта автобусту этияттык менен айдап эч кимди сүзүп кеткен эмес. Ошондой эле, унаа дагы жабыркаган эмес.

Окуучу автобусту кантип айдап качып кеткени белгисиз, анткен менен сүрөттөргө караганда автобустун эшигиндеги терезеси сынып калган.

Автобус тиешелүү болгон “Guangzhou Yueyun Bus Co” ишканасы ал бала буга чейин дагы телефон жана капчык уурдап кармалганын билдиришкен.

“Guangzhou Yueyun Bus Co” өкүлдөрү автобустагы GPS-жардамы менен баланы кармаганга жардам бергенин кошумчалады.

Окуучу кармалгандан кийин, аны полиция бөлүмүнө алып барышкан. Дагы бир видеодо анын тамеки кармап турганы тартылып калган.

Полиция кызматкерлери андан унааны айдап качкандыгынын себебин сурашкан. Бирок бала бетин колдору менен жабып, жооп берүүдөн баш тарткан. Анын жаш курагын эске алуу менен ага айып тагылган эмес.

Булак: Би би си, Сүрөт: Thepaper.cn

Пикир

Оставить комментарий