• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кытайда президенттик мөөнөткө киргизилген чектөө жоюлду

Дүйнө 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Бүткүл Кытай эл өкүлдөрүнүн жыйыны Кытай эл республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин ыйгарым укуктарын чектөөнү алып салуу чечимин бекитти. Конституцияга киргизилген өзгөртүү 11-мартта Пекиндеги жылдык жыйында кабыл алынды.

Курултайда үч миңдей делегаттын экөө гана каршы чыккан, дагы үчөө карманып коюшкан. Натыйжада чечим дээрлик бир добуштан кабыл алынган. Бул чечим Цзинпинге кызматта белгисиз мөөнөткө чейин иштөөсүнө укук берет.

Кытайда президенттин бийлигин 10 жылдан ашырбоо жобосу Дэн Сяопиндин учурунда, 1982-жылы кабыл алынган. Ден Сяопин мындай жол менен Мао Цзедундун убагындагы “жеке адамдын бийлигине сыйынуу” жосунун жок кылууну көздөгөн. Си Цзинпинге чейинки Кытайдын эки лидери Конституциянын ушул жобосун сактап, эки мөөнөттөн соң бийликти өткөрүп беришкен.

25-февралда болсо Компартия өлкөнүн Конституциясындагы президент жана вице-президент “катары менен эки мөөнөттөн ашуун иштей албайт” деген жобону жоюуну сунуштаган. Бул Кытайдын ичинде жана сыртында сынга кабылган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий