• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кытайда суу ташкыны 12 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Кытайдын Хэнань провинциясына караштуу Чжэнчжоу шаарындагы суу ташкыны кеминде 12 кишинин өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу кытай мамлекеттик “Синьхуа” агенттиги билдирди.

Үч суткадан бери тынбаган жаан 10 миллион калкы бар шаардын метро станциясын каптап, көчөлөр дарыяга айланды. “Синьхуа” 100 миңден ашуун киши коопсуз жайга көчүрүлгөнүн маалымдады.

Соцтармактарда жарыяланган видеолордо автоунаалардын, таштандылардын көчөлөрдө агып баратканын көрүүгө болот. Метронун жүргүнчүлөрү суу чөккөн вагондордун ичинде камалып калышкан. Метродо тартылган видеожазууларда кишилердин өлгөнүн да көрүүгө болот.

Алдын ала маалыматтар боюнча катуу жаан 21-июлга чейин уланат. Чжэнчжоудогу сел менен күрөшүү башкармалыгы билдиргендей, мындай нөшөр 100 жылда бир жолу кайталанат.

Пикир

Оставить комментарий