• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кытайда өтө турган XIX жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 181 спортчу катышат

Спорт 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. XIX жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 181 спортчу катышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов билдирди.

Анын айтымында, жайкы Азия оюндары үстүбүздөгү жылы 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт, аталган оюндар COVID-19 пандемиясынан улам 2022-жылы өткөрүлбөй калган.

Мамытов белгилегендей, Азия оюндарынын программасына жалпы 40 спорттун түрү боюнча мелдештер киргизилген.

"Анын ичинде Кыргызстан 26 спорттун түрүнөн катышат. Алар: бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, карате, фехтование, жеңил атлетика, каное жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквон-до, триатлон, волейбол, футбол, кураш, шахмат,диу-джитсу, кибер спорт, көркөм гимнастика, баскетбол, спорттук гимнастика ,ушу саньдоу, спорттук ат оюндары", - деди ал.

Ал Кыргызстан курама командасынан жалпы 200дөн ашык киши барарын кошумчалады.

"Анын ичинде жогоруда айтылган спорттун түрлөрөрүнөн 180 жакын спортчу, 46 машыктыруучу, медицина кызматкерлери, пресса жана делегациянын өкүлдөрү бар", - деди Мамытов.

Анын маалыматына ылайык, учурда аккредитация иштери аяктап калды. Алдыда дагы 3 айдан ашык убакыт болгондуктан, спортчулар резерв менен берилген. Так саны жана аты-жөндөрү туурасында жакындаганда маалымат берилет.

Өз кезегинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомуновдун айтымында, оюндарга даярдыктар жакшы, спортчулар 3 ай ичинде атайын окуу-машыгуу жыйындарын өтүшөт.

"Жалпы бюджеттен Азия оюдарына 35 млн сом каралган. Кыскача спорттук экипировка туурасында айта кетсек, Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте, Азия оюндарынын өнөктөштөрүнүн бири болгон “361” компаниясы менен курама команданын спорттук экипировкасын даярдоону сүйлөштүк", - деди Абдымомунов.

Пикир

Оставить комментарий