• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кытайда токойдогу өрт менен күрөшкөн 26 өрт өчүргүч каза болду

Дүйнө 0

Бишкек. 03.04.19 /Кабар/. Кытайдын Сычуан провинциясындагы тоолуу аймакта жуманын акырында чыккан токойдогу өрт менен күрөшкөн 26 өрт өчүргүч каза болду.

Partoday агенттигинин маалыматына ылайык, Кытайдын Сычуан провинциясындагы тоолуу аймакта жуманын акырында чыккан токой өрттөрү менен күрөшкөн 26 өрт өчүргүч каза болду.

Кытай чукул абалдарды башкаруу министрлигинен берилген маалыматта өрт өчүргүчтөрдүн Лиангшан аймагында 3 миң 800 метр бийиктиктеги бир аянтта чыккан токой өртүн өчүрүү иштерин аткарып жатканда шамалдын күтүлбөгөн жерден багытын өзгөртүшү менен кээ бир өрт өчүргүчтөрдүн өрттөн кутула албагандыгы билдирилди.

Маалыматта ишемби күнү чыккан токой өртүн өчүрүү иштерине 689 өрт өчүргүчтүн катышкандыгы, бирок 30 киши менен байланыштын үзүлгөндүгү айтылууда.

Медициналык материалдарды ташыган эки тик учактын окуя болгон жерге жиберилгендиги баса белгиленген маалыматта куткаруу топтору тарабынан жоголгон өрт өчүргүчтөрдөн 26сынын жансыз денесинин табылгандыгы маалымдалат.

Кытай акыркы жумаларда өлкөнүн түрдүү аймактарында чыккан токой өрттөрү менен күрөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий