Кытайда жүрүп мобилдүү болгонду үйрөндүм – жаш ишкер

ТАГДЫР 0

Кытайга барып билим алып келип, Кыргызстанда өзүнүн тил үйрөтүүчү билим борборун ачып, көптөгөн жаштарды гранттын негизде Кытайга окутууга жөнөтүп жаткан жаш ишкер Нурсултан Курбанов.

Маектеш тууралуу кыскача

Кой сойгонду билбегени менен, ырдап, бийлеп жана гитарада ойной алат.

Келечекте саясатка мыйзам чыгаруу жаатында аралашууна каалайт.

Китепти электрондук түрдө эмес, колго кармап окуганды жакшы көрөт.

Убакытты туура пайдаланууну Кытайдан үйрөнгөн.

Ар дайым кыймылда, жөн отурганды жактырбайт.

Реал Мадриддин күйөрманы – анткени ак түстү жакшы көрөт. Балким Барселона ак түстө болсо, алардын деле күйөрманы болуп калмак.

Жакынкы күндөрү сууда сүзүүгө барсамбы деп ойлонуп жаткан кези.

-Кытай тилине болгон кызыгуу кандайча пайда болгон?

-7-класска чейин Нарында окуп, анан шаарга үй-бүлөбүз менен көчүп келгенбиз. Бул жакка келгенден кийин Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы лицейге тапшырып, биринчи жолу ошол жактан 10-класс кезимде кытай тили менен таанышканмын. Ошондо эле аябай кызыгуум пайда болгон. Бирок ал кезде Кытайга кетүү үчүн мүмкүнчүлүктөр абдан аз болчу. Мүмкүнчүлүк пайда болгондо эле ар кандай сынактарда катышып турчубуз. “21 кылымдын кадрлары” деген мамлекеттик программа бар болчу, азыр деле бар. Анда ар кайсы мамлекеттеги окуу жайларга сынак тапшырып өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлчү. Мен эки жолу сынак тапшырып өтпөй калып, үчүнчүсүндө өтүп кеттим. Ошентип биринчи курсту аяктагандан соң, Кытайга бардым. Кытай тилин үйрөнүп жатканда ал жакка баруу кыялым абдан чоң болчу.

-Ошондо жалпысынан республика боюнча канча бала барды?

-Жалпысынан Кыргызстандан сынактан өткөн жети бала Кытайга бардык. Ал жакка баргандан соң, көптөгөн иштерди жасадык десем болот. Биринчилерден болуп “Патриот.kg” диаспорасын негиздеп, анын алкагында ар түрдүү маданият, билим жана спорт тармагында иш-чараларды өткөрүп жаттык. Кытайда жүргөн кыргыздарды чогултуп, 2014-жылы биринчи жолу Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрдүк. 200дөн ашуун кыргыздар келишти. Чет жакта жүргөндө кыргыздар ынтымактуу болушат. Мен да ал жакта жүрүп бир нерсени үйрөндүм – ал жакта эч качан сен бул жактык, мен бул жактык болуп бөлүнбөйсүң. 2015-жылы элчиликтин спорт боюнча чемпионатын, бизнес форумдарды өткөрдүк.

-Кытай тилин үйрөтүү борборун ачууга эмне түрткү болду?

-Кытайда окуп жүргөн кезде акыркы курста Москвага барып калдым. Ал жакта 9-10-классты бүтүп эле иштеп жүргөн кыргыз жарандарын көрдүм. Алар менен сүйлөшкөндө жашоого болгон ойлору, көз караштары башкача болуп калганын байкадык. Негизи эле келечекке болгон аң сезимдери башкача. Ошол кезде бизде чоң идея пайда болгон. Биздин кытай тилин үйрөтүү борборубузду окууну бүтүп эле акча табууга кетип калбастан, билимди улантуу керек деген максатта ачканбыз. Мындай борборду ачуу идеясы Москвада пайда болгон деп айтсам болот. Ошентип, “Perspective” билим берүү борборун 2016-жылы негиздегенбиз. Кытай жана англис тилдерин үйрөтөбүз. Бирок негизги басым кытай тилине жасалат. 4 айда курска 6 миң сом, аймактарда бир аз арзан. Материалдык жактан мүмкүнчүлүктөрү жок болгондорго 4 ай кытай тилин акысыз окутабыз. Окутуу учурунда баарына бирдей мамиле жасалат. Мыкты жыйынтык көрсөткөн 20дан ашуун бала Кытайга барышат.

-Кытай тилин үйрөнүү кыйынбы?

-Ооба, кыйын. Бизде чет тилди үйрөнүп жаткан жаштардын бир чоң жаңылыштыгы - алар бир-эки жылдап курстарга барышат, бирок натыйжа жок. Себеби тажрыйба аз. Кытай тилин үйрөнүп жатканда сөзсүз түрдө тилди алып жүрүүчүлөр, кытайлар менен сүйлөшүү керек. Үйрөнүп жаткан тилди тажрыйба жүзүндө колдонбосо, аны өздөштүрүү абдан кыйын болуп калат. Муну мен өзүмдөн билем. Анткени мен кытай тилин үч жыл окуп, Кытайга барган бир жылдын айырмасы асман менен жердей болгон. Ал жакта атаандаштык абдан чоң. Мен КРде окуп жүргөндө эң алдыңкы студенттердин катарында болсом, ал жакка барганда тескерисинче, эң начар студент болдум. Анткени, атаандаштык башкача. Чет өлкөгө окуганы барганда биздин жаштар өсөбү деп ойлойм.

-Чет жакта билим алып, ишмердүүлүгүн Кыргызстанга келбей уланткан жаштарга кандай карайсыз?

-Кыргызстанда бизнес жаатында өнүккөнгө мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Жеке өзүм жөнүндө айтсам, Кытайга барганда мен мобилдүү болгонду үйрөндүм. Мисалы биздин ишкерлер Дордойдо өмүр бою соода кылышы мүмкүн. Эгерде эки жылдан кийин ошондой эле киреше алып келбесе, кайрадан ошол ыргак менен эле иштей беришет. Ал эми Кытайда тескерисинче, ишкерлер ошондой эле базарда иштеп, бирок эки жылдан кийин мурдагыдай киреше алып келбесе, алар жаңы бир нерсени ойлоп таба калышат. Себеби алар мобилдүү болушат.

Менимче, Кыргызстанда келечегин көргөн жаштар көп болуш керек. Чет жакка окуганы кетип жатканда ойлонуш керек. Кээ бир жаштар Кытайга барып медицина тармагына окуйм дейт, бирок ал жакта медицина өнүккөн эмес. Медицина Германияда өнүккөн. Чет жактан мыкты билим алып окуп келген жаштар кийин бул жакка келгенде пайдалуу адис боло алат.

-Кыргызстан менен Кытайдын жаштарынын ортосунда кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыз?

-Ал жакта айрым жаштар тамак ичип отурган жеринде деле түкүрө берет экен. Бизге ал абдан жаман көрүнгөн. Себеби дегенде алардын салтында “нукуралуулук” деген нерсе бар экен. Алардын ою боюнча нукура кытай ушундай болуш керек. Жөнөкөй эле мисал келтирсек, атыр себинүүнүн, жасалмалуу болуунун кереги жок деп ойлошот. Бул жааттан алып караганда биздин жаштар кыйла алдыда деп айта алам.

-Саясатка кызыгасызбы?

-Албетте кызыгам. Мамлекеттик кызматтарда иштесем деген пландар бар. Бирок азырынча эмес. Мыйзам чыгаруу жагына абдан кызыгам. Жаш болсом да бир топ тажрыйба топтодум деп ойлойм.

-Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей, дагы кандай кызыгууларыңыз бар?

-Чыгармачылыкка жакынмын. Бийлейм, ырдайм, гитарада ойнойм. Футболго абдан кызыгам. Футболчу болуу кичинемдеги кыялым болчу. Бирок боло алган жокмун. Чынын айтсам, азыркыга чейин өкүнөм. Ойноп да турам. Футбол ойноп жатканда мен бардык нерсени унутам, толугу менен ошол нерсеге берилип кетем.

Маектешкен Нурсулуу Нуркамилова

“Кабар”

Пикир

Оставить комментарий