• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кытайда жаңы “Улуу сепил” пайда болот

Дүйнө 0

Бишкек, 24.01.18 /Кабар/. Синьцзян-Уйгур автономдук регионунда “Улуу сепил” пайда болорун аймактын төрагасы Шократ Закирге шилтеме кылуу менен China Daily маалымдайт.

Маалымдалгандай, 5,7 миң чакырым мамлекеттик чек арада коопсуздукту күчтөндүрүү идеясын чиновник “чет жактан экстремизм, сепаратизм жана терроризмдин кирүүсүнөн коргонуу” катары түшүндүрдү.

“Биз башкы тармактарды социалдык коргоо жана коопсуздугунда тешиктердин же көрүнбөгөн чекиттердин калышына жол бербөө үчүн бардык аракетибизди жасайбыз”, - деп билдирди Үрүмчүдөгү 13-чү Аймактык элдердин конгрессинин жыл сайын өтүүчү жыйынында аймактын кеңешинин төрагасы.

Ошондой эле, Закир синьцзян бийлиги коопсуздук максатында интернетти көзөмөлдөөнү күчөтүп, чектеш аймактардан инфраструктурасын жакшырта тургандыгын кошумчалады.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий