• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кытайда жеке маалыматтарды уурдаган 5 миң жаран кармалды

Дүйнө 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Кытай бийлиги акыркы төрт айда интернет тармагындагы персоналдык маалыматтарды уурдаган 4800 жаранды кармады. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүндө акыркы жылдары интернет-технологиясынын тез өнүгүшүнө байланыштуу салттуу кылмыштуулук дүйнөлүк желеде активдүү таркап жатат. Алдамчылык жолуна колдонуу максатында жеке маалыматтарды уурдаган учурлар басымдуулук кылат.

Акыркы төрт айда дүйнө боюнча Кытайдын укук коргоо мекемелеринин кызматкерлеринин жүргүзгөн иш аракеттеринин жыйынтыгында хакерлик бузуулар жана жеке маалыматтарды уурдоо боюнча 1800 иштин бети ачылган.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министрлиги мындай кылмыштардын булагы - чоң компаниялардын, коомдук бирикмелердин кызматкерлери болууда деп жазат. Алар маалыматтарды мыйзамсыз алып кайра кызыккан жактарга сатат. Ошондой эле, интернет-провайдерлерден маалымат урдоо фактылары дагы катталууда.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий