• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайда жолду өтүп жатып телефон чукулаган адамдар айыпка тартыла башташты

Дүйнө 0

Бишкек. 25.01.19. /Кабар/. Кытайдын Чжэцзян провинциясынын Вэньчжоу шаарында жол полиция кызматы жолду өтүп жатып телефон чукулаган адамдарга айып сала баштады. Бул тууралуу РИА Новости кытайдын ЖМКна шилтеме берип кабарлайт.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы мыйзам күчүнө кирген. Ал мыйзамдын негизинде, жолду өтүп бара жатып уюлдук телефонун карагандарга биринчи ирет ооз эки эскертүү берилет. Эгер алардын кыймыл-аракети унаалардын жүрүшүнө же башка жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратса 10 юань өлчөмүндө айып салынат.

“Телефон сүйүүчүлөр үчүн бул айып аздык кылат. Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта шаарда өзүн жолдо жакшы алып жүрүү программалары күчүнө кирген. Бул мыйзамдар өзүн тартиптүү алып жүрүүнүн кепилдиги болуш керек. Элдер өз эрки менен ошону тандоосу керек”, - дейт шаардын маданий жактан өнүктүрүү борборунун жетекчиси Сюй Вэйчжуна.

Полиция кызматы тарабынан 14нөн 22-январга чейин жалпысынан 111 адам айыпка тартылып, 510 адамга ооз эки эскерүү берилген.

Пикир

Оставить комментарий